Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баракелде, Бишкек 14.02.2018 10:50 На русском

Бишкекте 35 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кеткен кичи автобустун айдоочусу камакка алынды

Turmush -  Бишкек шаарында 35 жаштагы аялды кызы менен кошо сүзүп кеткен «Мерседес-Бенц Е280» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу СИЗО-1 мекемесине камакка алынды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Элебесов көчөсүндө 9-февраль күнү 33 жаштагы Ж.Р.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 280» жөө жүргүнчүлөргө арналган өтмөктө турган «Хонда» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Андан кийин ал жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 1983-жылы туулган аял 2 жаштагы кызы менен жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнөн өтүүгө аракет кылган.

Кырсыктын кесепетинен жаракат алган аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген болчу. Ал өзүнө келбей ооруканада көз жумду. Ал эми, 2 жаштагы кызынын буту сынып, №3 балдар ооруканасына жеткирилген. «Ал кызды тез жардам кызматы аркылуу оор абалда алып келишти. Ага дароо операция жасалды. Кийинки күнү хирургдар менен кеңешме өткөрүлдү. Жыйынтыгында наристенин бутун ампутациялоого туура келди», - деп билдирген Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Экспертизанын жыйынтыгы менен «Мерседес» унаасынын айдоочусу кырсык учурунда мас абалда болбогону аныкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүгүнүн (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү же анын саламаттыгына оор зыян келтирүү) негизинде кылмыш иш козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×