Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.02.2018 09:57

Ак-Талаада окуучулар арасында «21-кылымдын интеллектуалдары» сынагы уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата окуучулар арасында «21-кылымдын интеллектуалдары» аттуу кароо-сынак өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 13-февралда райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган сынак балдар билим берүү борборунда өткөрүлүп, анда окуучулар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрү менен жасаган ар кандай конструкцияларды, макеттерди, моделдерди көрсөтүштү. 18 орто мектептин окуучулары катышкан сынактын жыйынтыгында 1-2-3-орундарды ээлеген окуучулар диплом менен сыйланып, облустук турга жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×