Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Баракелде

Бишкекте иштеп жаткан эки куруучу кулап кетип, бири көз жумду

Turmush -  Кечээ, 13-февралда Бишкек шаарынын Токомбаев (Түштүк магистраль) менен Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн 3-кабатынан эки эркек киши кулап кетти.

Булактардын билдирүүсүнө караганда, алардын бири окуя болгон жерде көз жумган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, эки куруучу курулуп жаткан имараттагы лифттин шахтасына кулап кеткен.

Бишкек ШИИБдин билдирүүсү боюнча, кырсык кечээ саат 12:30 чамасында Ч.Айтматов менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 4 кабаттуу имаратта болгон.

«Болжолдуу маалыматтарга караганда, эки куруучу лифттин каркасында коопсуздук эрежелерди сактабай ширетүү иштерин жасап жаткан. Анын кесепетинен шахтага кулап кетишкен. 1987-жылы туулган эркек киши тез жардам келгенче каза болуп, экинчи куруучу ооруканага жаткырылды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде кырсыктын себебин аныктоо үчүн атайын комиссия иштеп жатат.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1934
×