Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.02.2018 16:38

Караколдун 2018-жылга карата бюджети бекитилди

Turmush -  Каракол шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында 2018-жылга карата шаардык бюджет бекитилди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Күн тартибинде 10 маселе каралды. Анда 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджетин бекитүү, мэрдин 2017-жылда Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчету, жаштардын 2018-2020-жылдарда өнүктүрүү боюнча стратегиялык планын бекитүү, Каракол шаардык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди бекитүү маселелери каралмак. Жыйында казына бөлүмү 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчет берип, шаардын мэринин отчету 10 күнгө жылды. Ал эми шаардын 2018-жылга карата бюджети 202 млн 618 миң 300 сом болуп бекитилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×