Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Аксылык 21 жаштагы Эркайым 1 жылга чейин сакталган кооз гүлдөрдү жасайт (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарынын 21 жаштагы тургуну Эркайым Сапарбекова түстүү кагаздардан гүлдөрдүн түрүн жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жасаган гүлдөр 1 жылга чейин сакталат.

«Окуудан сырткары убакта кагаздан гүлдүн 4 түрүн жасайм. Аларды акчага сатпайм. Себеби, өз өнөрүмдү баалагым келбейт. Каалоочуларга жасап, белек катары берем. Кээ бири акчасын таштап кетишет. Учурда жандуу гүлгө караганда кагаздан жасалган гүлдөргө суроо-талап көп. Себеби, жандуу гүл 2-3 күндө соолуп калат. Ал эми кагаздан жасалган гүл жок дегенде 1 жылдай сакталат. Ошондуктан кагаздан гүл жасатууну каалагандар көбөйдү. Досторум ата-энелерине, жакындарына белек катары кагаздан жасалган гүлдөрдү беришет», - деди ал.

Ошондой эле, ал кичинекей кезинен бери сүрөт тартууга болгон кызыгуусу күч экенин айтат.

«Сүрөт тартуу менин сүйүктүү ишим. Өзүм жаратылышка кызыгам, кооз жаратылышты кагаз бетине түшүрөм. Учурда пейзаждарды тартып жатам. Сүрөт тартуу абдан көп мээнетти талап кылат. Ал үчүн ой жүгүртүү терең болушу керек. Кандайдыр бир кооздукту кагаз бетине түшүрүү үчүн көп ойлонууга туура келет», - деди ал.

Э.Сапарбекова Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну. Учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде кыргыз тили жана кыргыз адабияты факультетинде билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2077
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×