Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баракелде

Шашылыш эскертүү: Өлкөдө 18-февралга чейин аба ырайы туруксуз болот

Turmush -  Өлкө аймагында 13-14-февралда абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу кар көчкү коркунучу болот, деп эскертет Кыргызгидромет.

Тоолуу райондордо, Бишкек—Ош унаа жолунун;

- 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);

- 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

- 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Өлкөдө 14-февралдан 18-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы мүмкүн.

15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт.

16-18-февралда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 2° сууктан 3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1030
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×