Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Чүй

Гавриловка айыл өкмөтүн 27 жаштагы М.Чынарбеков убактылуу жетектеп жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин 27 жаштагы Чынарбеков Медербек Чынарбекович аткарууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-innETG12E3fwRpqB

Буга чейин бул кызматта Тагай Бакасов иштеп турган. Анын айыл өмөт башчысы болуп иштегенине 1 жылга жакын убакыт болгон.

Чынарбеков Медербек Чынарбекович 1991-жылы 1-апрелде Сокулук районунун Жаӊгарач айылында төрөлгөн. 2010-2015-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен мелиорация, рекультивация жана жерди коргоо боюнча инженер адистигин алып чыккан. Ал кыргыз, орус жана түрк тилдеринде эркин сүйлөп, англис тилин орточо билет.

2012-жылы 3-февралдан 2013-жылдын 14-мартына чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагында, 2016-жылы 3-февралдан баштап Сокулук райондук суу чарба башкармалыгында эмгектенген.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасовго райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Кийинчерээк Сокулук районунун прокурору Марат Бусурманкулов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголгонун тастыктаган. Прокуратура Гавриловка айылдык кеңешинин төрайымы А.Жанышбекованын жана айылдык кеңештин жамааттык кайрылуусу боюнча текшерүү иштерин жүргүздү.

Айдана Жанышбекова

Айдана Джанышбекова

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренесинин (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) негизинде кылмыш иш козголду. Мындан тышкары, «Ж» ЖЧКнын директору И.М.га Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголду.

«Иш облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. Алар УКМК же финансы полициясына өткөрүп берет. Бул иш ошол жактан чечилет. Ал мектептин оңдоп-түзөө иштеринине зыян келтиргени аныкталган», - деди прокурор.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов менен байланышканда ал күнөөсүз экенин, чоң саясий оюн жүрүп жатканын белгиледи.

Тагай Бакасов

IMG-20170130-WA0003

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1863
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×