Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Жалал-Абад

Фото — Сузактык Стан Кулмаматов 14 жылдан бери дайынсыз

Turmush -  Сузак районуна караштуу Барпы айылында жашап жүргөн Стан Кулмаматов 14 жылдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын агасы Таирбек Кулмаматов кабарлады.

Анын айтымында, иниси Стан Кулмаматов 1975-жылы туулган. Үй-бүлөдө 9 бир тууган. Өзүнүн 1 уул, 1 кызы бар. 2004-жылы Жалал-Абал шаарында иштеп жүргөн бойдон дайынсыз жоголгон. Үй-бүлөсү аны издеп, Россиянын «Жди меня», кыргызстандык «Кайдасың?» телеберүүлөрүнө кайрылган. Бирок ал аракеттерден жыйынтык чыккан эмес.

Стан Кулмаматовду атасы күтүп жүрүп, 1 жыл мурда көз жумду. Апасы Зулфия «уулумду көрсөм арманым жок эле» деп кайгы тартып келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3151
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×