Мамлекет 327 ымыркайга сүйүнчү берди

Turmush - Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ымыркайларга сүйүнчү берип баштады. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда АКИpress агенттигине аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1-январдан баштап 5-февралга чейин жарандардан жөлөк пул алууга 327 арыз түшкөн. Учурда алардын бардыгы балага сүйүнчү акчасын алышты. «Бир ымыркайга 4 миң сомдон берилди», - деп билдиришти министрликтен.
5-февралдан тарта арыздарды Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелери кабыл алып баштады. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, учурда жарандардан 128 арыз түштү.
Ал эми, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөдө эгиздер же үч эм төрөлсө, сүйүнчү алардын ар бирине берилерин кошумчалады. Тактап айтканда, үй-бүлөдө эгиздер төрөлсө аларга 8 миң сом берилет.
02.11.2017 | Сүйүнчү! — Жөлөк пул качан жана кандай шартта берилет? |
01.08.2017 | Ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду |