Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.02.2018 14:41

Караколго Арык мырзанын эстелиги орнотулат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук гүлбакчасына Ысык-Көл облусундагы белгилүү инсандардын бири Арык мырзанын эстелигин орнотууга жер тилке бөлүнөт. Мындай чечим бүгүн, 13-февралда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды.

Маалым болгондой, эстеликтин бийиктиги 9,5 метр болот.

«Жер каралса, анын чыгымын толук эсептеп чыгабыз. Болжол менен 5-6 млн сом жумшалат. Ал каражатты «Ак-Суу, Арашан» коому толук мойнуна алат. Арык мырза 1600-жылдары Фергана, Анжиан жергесинен кыргыздарды көл жергесине көчүрүп келген, биз ошол адамдын урпактарыбыз», - дейт Мамлекеттик экспертиза департаментинин Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Касымбек Кадыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×