Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 13.02.2018 13:37

Өзгөндөгү жол кырсыктан 41 жаштагы киши оор жаракат алды

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунда болгон жол кырсыктын кесепетинен жергиликтүү тургун оор абалда ооруканага жеткирилди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсык бүгүн, 13-февралда таңга маал Кызыл-Тоо айылынын аймагында болгон.

Жабырлануучу — 1977-жылы туулган А.З. саат 05:00 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү маалым болду. Дарыгерлер анын башы, баш мээси катуу жабыркаганын (мээ комасы) айтышкан.

Учурда окуяга байланыштуу тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×