Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ысык-Көл

Чолпон-Атада сүрөт, скульптура боюнча көргөзмө өтөт (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында жайгашкан облустук көркөм сүрөт жатак мектебинин окуучулары жаз мезгилинде өтө турган көргөзмөгө кызуу даярдык көрүшүүдө.

Мектептин директору Мирлан Осмоналиевдин маалыматына караганда, жатак мектепте учурда 23 бала бар. Алар облустун ар аймагынан 7-классты аяктап келишет. Көркөм сүрөт мектебинде сүрөт, скульптура боюнча өнөрлөрүн өркүндөтүшүп, атайын адистерден билим алышат.

«Билим алууга келген балдардын таланттарын өркүндөтүүгө шарттар жакшы, бир гана имарат маселеси чечилбей келет. Мектеп учурда Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү имаратта убактылуу жайгаштырылган. Жаз айларында өтүүчү көргөзмөгө учурда окуучулар сүрөттөрүн даярдап, скульптуралык багыт боюнча даярдык көрүшүүдө», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 705
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×