Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Чүй

«Жеңеке»: С.Раимбекованын чүйлүк жолдошу жибинен бошонгон уйду «чечинип алды» деп күлдүргөн (фото)

Turmush -  Ысык-аталык Субайдылда Раимбекова орустар менен чоӊойгон жигитке турмушка чыгып, 3 уул, 6 неберелүү болду. Ал билим берүү тармагында 28 жыл үзүрлүү эмгектенип, 2015-жылдан баштап Ивановка айылындагы эл аралык институттун кыргыз тил мугалими болуп иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Шаарда бала бакчада азыркы кайын эжем менен чогуу иштеп калдым. Бир күнү ал инисине жолуктуруп, тааныштырып койду. Ошентип жолдошум экөөбүз көп өтпөй, 1982-жылы баш кошконбуз. Жолдошум Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тургуну болгондуктан орус, немистердин балдары менен өсүп, орус тилдүү мектепти аяктаган экен. Сүйлөгөн сөзү, ойлогон оюнун баары орусча болуп калыптыр. Мен Нарындан кыргыз мектепти аяктап келгем. Тактап айтканда, 1961-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөм.

Жолдошум менен чогуу жашап жүрүп, мен ага кыргызча үйрөтсөм, ал мага орусча сүйлөгөндү үйрөттү. Жаӊы келгенде тилге байланыштуу көптөгөн кызыктуу окуялар болгон. Кыш мезгили эле. Бир күнү жолдошум үйгө кирип келип, "колонка үшүп калыптыр, ысык суу берчи" десе боорубуз эзилип калды. Дагы бир жолу үйгө шашып келип, "уй чечинип алып жүрөт" деп айтып калды. Көрсө уюбуз жибинен бошонуп кетиптир», - деди ал.

С.Раимбекова бактылуу, үлгүлүү үй-бүлөнү курууга аял кишинин орду чоӊ экенин белгиледи.

«Үй-бүлөдөгү бактылуулук аял кишиден көбүрөөк көз каранды. "Аял жакшы — эр жакшы" деп бекер айтылбайт. Азыркы жаштарга да ушул кепти айтар элем», - деди ал.

Субайдылда жеӊе жолдошу менен 36 жыл бирге түтүн булатып, 3 баланы тарбиялап өстүрүштү. Өзү 4 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2469
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×