Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө Нарын суусуна секирген 18 жаштагы кыз жээкке кайра өзү сүзүп чыкты (толукталды)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын аймагынан 18 жаштагы кыз сууга секирип, кайра жээкке өзү сүзүп чыкты. Ага милиция кызматкерлери жардам көрсөтүп, дарыгерлерге берилген.

ӨКМдин маалыматы боюнча, кечээ, 12-февралда саат 19:10 чамасында БишкекОш унаа жолунун 452-чакырымында 2000-жылы туулган кыз Нарын суусуна секиргени тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Таш-Көмүр шаарындагы 8 куткаруучу жөнөтүлүп, бирок алар жеткенге чейин сууга секирген кыз жээкке өзү сүзүп чыккан.

ИИМдин кызматкерлери кызга суудан чыгууга жардам көрсөтүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кийинчерээк Turmush басылмасына маалым болгондой, кыз Таш-Көмүргө жакын туугандарынын үйүнө бара жатканда сууга секирген.

Ал эми ОИИБдин маалыматына караганда, бул тууралуу маалымат 12-февраль күнү кечки саат 18:30да түшүп, Таш-Көмүр ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Алар кыз көпүрөдөн 250 метр аралыктагы жарда асылып турганына күбө болушкан. Ошол жердеги жарандар менен биргеликте суудан чыгарылып, ооруканага жеткирилген.

Ал кыздын өздүгү аныкталып (Жалал-Абад облусунун тургуну), Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 1-курстун студенти экени белгилүү болду. Ошондой эле, анын үй-бүлөсүндө, курбу-достору арасында чыр-чатак болбогону жана мурда мындай нерсеге барбаганы аныкталган.

Студент кыз мындай кадамга эмне себеп болгонун түшүндүрүп айтып бере албастыгын жана эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.

кыз сууга секирген көпүрө (болжолдуу түрдө)

57

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6698
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 18 адам окуп жатат)
×