Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 13.02.2018 09:30 На русском

Россияда 17 жылдан бери баңгизат жүгүртүүгө шектелип изделип жаткан кыргызстандык аял кармалды

Turmush -  Россиянын Новый Уренгой шаарында транспорт полициясы тарабынан 17 жылдан бери мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө шектүү делип изделип жаткан аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Уральск федералдык чөлкөмү боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 3-февраль күнү нөөмөт бөлүмүнө полиция кызматкерлери тарабынан изделип жаткан Кыргызстандын жараны тууралуу маалымат түшкөн. Ал 17 жылдан бери ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип жаткан. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүмүнүн (баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) негизинде кылмыш иш козгогон болчу.

Новый Уренгой шаарынын транспорт полициясынын ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 58 жаштагы шектүү аял Череповец шаарынан билет сатып алып, Санкт-Петербург – Новый Уренгой каттамындагы поездге түшкөнү аныкталган. 11-февраль күнү шектүү Новый Уренгойдун станциясына келгенде кармалып, транспорт полициясына жеткирилди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ал тергөөдөн качып, Россиянын аймагында жашынып жүргөнү такталды. Кармалган аял жакында депортацияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×