Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баракелде

Татарстанда Чыңгыз Айтматов тууралуу документалдык тасма тартылып жатат

Turmush -  Татарстанда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу документалдык тасма тартылып жатат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, жазуучунун уулу Аскар Айтматов «Татарстан» мамлекеттик телерадиокомпаниясында маек курду. Аталган департаменттин билдирүүсүндө айтылгандай, А.Айтматов атасынын 90 жылдыгына арналган тасманын тартуу иштери Татарстан Республикасынын 2 районунда — Кукмор жана Атнинскде кандай өткөндүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, А.Айтматов таятасынын төрөлгөн жерине — Кукморго барды. Ал жерде жазуучунун ысымы ыйгарылган музей жана гимназия жайгашкан. Ал эми, Атнинск театрында Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде спектаклдер коюлуп жатат.

Татарстанда аталган тасманын биринчи этабы тартылууда. Бул айда тасманы тартып жаткан топ Түркияга барууну пландап жатат. Тасманы тартуу иштерин күз айында жыйынтыктоо чечилди.

«Бул эмгек толук метраждуу документалдык тасма болот. Аны Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын эл аралык фестивалында көрсөтүү пландалып жатат. Ошондой эле, Татарстандын тасма күнүн Кыргызстанда, Кыргызстандын тасма күнүн Татарстанда өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 534
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×