Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Кетмен-Төбө айылында 15 жылдан бери таза суу жок, тургундар сууну бири-биринен сурап ичишет

Turmush -  Кетмен-Төбө айылынын эли жайкысын таза сууну бири-биринен сурап ичишет. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Т.Бейшеева 12-февралда Кара-Көл шаардык мэрияда өткөн чогулушта билдирди.

Анын айтымында, Кетмен-Төбө айылынан 6 өкүл келип, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө таза суу көйгөйү менен кайрылышты.

«Биз короо жайды сугарганга эмес, күнүмдүк тиричиликке колдонгон сууну бири-бирибизден сурайбыз. Айрыкча жайкысын. Ал эми короо-жайды сугаруу боюнча көйгөйдү сөз кылбай койсок да болот», - дейт ал.

Ушул айылдын тургуну Алмаз Карыпбаевдин айтуусунда, суунун тартыштыгынан бак-дарактар куурап жатат. Мисалы былтыр күзүндө өтө катуу эмес шаамал болгондо куураган бак бир адамды басып калып, ал ооруканадан дарыланып чыкты. Айылдагы бак-дарактар жетиштүү суу ичпей, тамырлары бош болуп, катуу эмес шамалга да туруштук бербей жатат. Биздин айылдын эли таза сууга өтө муктаж», - деди А.Карыпбаев.

Кетмен-Төбө аймактык башкармалыктын башчысы Советбек Ниязалиевдин айтуусунда, таза суу көйгөйү 15 жылдан бери элдин кыйнап келет.

«2015-жылы шаардык кеңештин токтомунун негизинде элди таза суу менен камсыз кылуу максатында Сарык-Ата насостук станциясынан 13 чакырым аралыкта эскирген суу түтүктөрүн алмаштырып, Кетмен-Төбө айылына таза суу чыгарып берүү үчүн мэрия (мэр М.Койчиев убагында) менен «Кыргыз Буурчак» ЖЧКнын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлөт. Келишимде 13 чакырымга созулган эски суу түтүктөрүн казып алып, анын ордуна жаңы суу түтүктөрү коюлат деп жазылган. Тендер өткөрүлбөй туруп, суу түтүктөрүн курууга уруксаты жок фирмага иш берилген. Ал фирма ишти баштап, 13 чакырым эскирген суу түтүктөрүн казып алып, иш бүтө электе сата баштаган. Мындан сырткары, 530, 470, 700 диаметрдеги суу түтүктөрүн 159 диаметрдик желим эмес, өтө ичке темир суу түтүктөргө алмаштырып, 9 чакырымга чейин тартышкан.

Дагы 2-3 чакырым суу түтүгү тартылса биздин айылдан таза суу чыгарылмак. Ошол Сарык-Ата насостук станциясына эки даана комплект насостук кыймылдаткыч коюлушу керек эле. Бул келишимде көрсөтүлгөнү менен бүгүнкү күндө коюлган эмес. Эски бойдон турат. Ал эми казылып алынган эски түтүктөрдү 3-4 чакырымын куруп жаткан фирма сатып жиберген. Бул иш боюнча материал Финполицияга, сотко да берилген. Куруп жаткан фирманын суу түтүк курат деген уруксаты жок болгондуктан ал иштен четтетилген. Азыр бул жерде жоопкерчиликти ким тартары белгисиз», - деди ал.

Анын айтуусунда, 15 жылдан бери Сарык-Ата насостук станциясынан Кетмен-Төбө элине бир тамчы да таза суу чыкпайт.

«Айылдын баш жагында булак бар, таза суу программасы боюнча финдер суу кампа курууга керектүү материалдарды бекер алып беришкен. Биз ашар жолу менен 2 чакырым 800 метрге траншея казып, суу түтүгүн орноттук. Бүгүнкү күндө элге суткасына 40 мүнөт гана суу чыгат. Тактап айтканда булактагы сууну суу кампабызга топтойбуз (102 куб метр). Жайкысын сууну ачканда саатына 200 куб метр суу чыгымдалат. Ошондуктан элибизге 40 мүнөт гана суу берилет. Эл ошол убакта бир суткага жетерлик суусун идиш-аяктарга толтуруп алышат. Айылдагы 437 түтүндө 3000 миң адам жашайт», - деди ал.

Ал эми шаар мэри И.Еркеевдин айтуусунда, Кетмен-Төбө айылын таза суу менен камсыздоо үчүн 9 чакырым суу түтүгү тартылган. Бирок жумуш учурунда аяктабай, 500 суу түтүктөрдүн 3-4 чакырымы уурдалып кеткен.

«Шаарчага таза суу жеткирүү боюнча 2015-жылы жергиликтүү бийлик тендери жок «Кыгыз Буурчак» ЖЧК менен келишим түзүп, жумуш баштаган. Тилекке каршы, таза суу чыгаруу жоопкерчилигин алган ишкана бүгүнкү күнгө чейин өзүнө тийиштүү болгон жумушту жасабай жүрөт. Куруучулар 3 жылдан бери «ана барабыз, мына барабыз» деген шылтоолорду айтып келишет. Бул маселе боюнча Финполиция кылмыш ишин козгоп, иш ушул убакка чейин жабыла элек. Ошондой эле, бул иш сотто да каралып жатат. Соттун чечими чыгып, ал күчүнө кирмейинче жергиликтүү бийлик ал айылга каражат бөлө албайт», - деди шаар башчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 959
Көп окулду
×