Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бишкекте унаа сүзгөн аял каза болуп, 2 жаштагы кызынын буту кесилди

Turmush -  Бишкек шаарында 9-февраль күнү жол кырсыкка кабылган 2 жаштагы кыздын оң буту катуу жабыркаган. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдалды.

«Ал кызды тез жардам кызматы аркылуу оор абалда алып келишти. Ага дароо операция жасалды. Кийинки күнү хирургдар менен кеңешме өткөрүлдү. Жыйынтыгында наристенин бутун ампутациялоого туура келди», - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Жабыр таркан кыз 1 жаш 8 айлык. Учурда аны жандандыруу бөлүмүндө чоң апасы карап жатат. Дарыгерлер анын абалы жакшырып жатканын билдиришүүдө.

Бишкек шаарындагы Элебесов көчөсүндө 9-февраль күнү 33 жаштагы Ж.Р.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 280» жөө жүргүнчүлөргө арналган өтмөктө турган «Хонда» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Андан кийин ал жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 1983-жылы туулган аял 2 жаштагы кызы менен жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнөн өтүүгө аракет кылган. Кырсыктын кесепетинен наристенин апасы окуя болгон жерде көз жумду.

Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында «Мерседес» унаасынын айдоочусу мас абалда болбогондугу аныкталды. Жол кырсык боюнча топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2690
Көп окулду
×