Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Араванда жазгы талаа иштери башталды (видео)

Turmush -  Ош облусундагы Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Учурда жергиликтүүлөр картошка эгип жатканын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Пайзылла Мырзабарамов кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондо жыл сайын февралдын ортосунда эгин эгүү иштери башталат.

«Араван районунда учурда картошка эгүү иштери башталды. Жылына эки ирет түшүм алган дыйкандар эгинин эрте эгишет. Адатта Араванда 2-2,5 миң гектар жерде картошка өстүрүлөт», - деди ал.

Маалыматтар боюнча, райондо жалпы 15 миң 680 гектар жерде жашылча-жемиштер өстүрүлөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1897
×