Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Милиция кызматкерлери Жети-Өгүздүн алыскы Ак-Шыйрак айылында болушту (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери алыскы Ак-Шыйрак айылындагы жатак мектебинде болушуп, мугалимдер жана окуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Райондон 295 чакырым алыста жайгашкан айылдагы жолугушууда зордук-зомбулук, мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулук маселеси талкууланды.

Жаш өсүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү окуучуларды ар кандай жаман иштерден оолак болууга чакырышты. Жол сакчылары окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин, коопсуздукту сактоонун жолдорун үйрөтүштү.

Окуучулар менен мугалимдер айылда терс көрүнүштөр катталбаганын айтышкан. Учурда Ак-Шыйрак жатак мектебинде 57 окуучу билим алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 929
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×