Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Фото — Нарын районунун акими болуп Семетей Черикбаев дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда Нарын районунун башчылыгына Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 9-февраль күнү премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, акимди жамаатка тааныштыруу Нарын районунун администрациясынын жыйындар залында өттү. Ага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Буга чейин Нарын районун Түгөлбай Жанбоев 6 жыл башкарып келген. Ал өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотулган болчу.

Өмүр баяны:

Черикбаев Семетей Мырзабекович – 1979-жылы 4-августта Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында туулган. Улуту кыргыз. Жогорку билимдүү. 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин курулуш, транспорт жана архитектура бөлүмүн аяктап, 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алган.

Эмгек жолу:

- 2002-2003-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында жумушчу;

- 2003-2004-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында айдоочу;

- 2004-жылы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында комендант;

- 2004-2005-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында администратор;

- 2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик административдик имараттарды кармоо жана пайдалануу боюнча борбору мамлекеттик ишканасында директор;

- 2009-2009-жылдары республикалык телерадио борборунда директордун кеңешчиси;

- 2009-2010-жылдары республикалык телерадио борборунда директордун орун басары;

- 2010-2012-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

- 2013-жылдан бери Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.

Үй-бүлөлүү, 1 уул жана эки кыздын атасы.

Алган сыйлыктары:

- 2008-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгынын грамотасы;

- 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5904
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×