Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Баракелде

«Тазалыктын» кызматкерин иш учурунда унаа сүзүп кетти (маркум кырсыктан 1,5 саат мурун түшкөн сүрөт)

Turmush -  Бишкек шаарында бүгүн, 12-февралда саат 08:00 чамасында иштеп жаткан «Тазалык» ишканасынын кызматкерин «Хонда» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти. Анын кесепетинен оор жаракат алган аял тез жардам кызматынын унаасында каза болгон. Унаанын айдоочусу кармалып, учурда тиешелүү органдар тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Маркум А.К.Султаналиева Абдрахманов менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун четинде иштеп жаткан. Ал мекемеге тиешелүү атайын сызыкчалары бар кийимчен болгон жана техникалык коопсуздук эреже толук сакталган, деп билдиришти ишканадан.

Такталган маалыматтар боюнча, А.К.Султаналиева 1958-жылы Нарындын Жумгал районундагы Миң-Куш айылында төрөлгөн. Ал «Тазалык» ишканасында 2016-жылдын сентябрь айынан тарта эмгектенип жаткан. Анын артында бир уулу калды.

«Тазалыктын» билдирүүсүндө акыркы 3 жылда эле ишкананын 6 кызматкери муниципалдык аймакты тазалап жүргөн учурда дөңгөлөк алдында калганы айтылат. Ишканадан маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү маселеси каралууда.

«Тазалык» ишканасынын басма сөз кызматы АКИpress агенттигине А.Султаналиеванын кырсыктан 1,5 саат мурун — саат 6:30да тартылган сүрөтүн берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8009
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×