Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Коммунист айылындагы 100 үй-бүлө таза суу менен камсыздалды (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү Коммунист айылында жашаган 100 кожолук таза суу менен камсыз болду. Жергиликтүүлөр буга чейин таза суунун жоктугунан арыктан суу ичип келишкен.

Айыл өкмөттүн башчысы Рахманберди Курманкуловдун айтымында, суу түтүктөр коңшу Ак-Жар айыл өкмөтүнөн тартылып келди.

«Биздин айыл өкмөттөгү орчундуу көйгөйлөрдүн бири — таза суу. Айыл өкмөткө 1969-жылы суу түтүктөрү тартылган экен. Андан бери жаңы конуштар түптөлүп, элди таза суу менен камсыз кылуу кыйын болуп келген. Коммунист айылында таза суу эмес, сугат суу да жок эле. 2016-2017-жылдары 47 метр тереңдиктен суу чыгарып көрдүк, бирок суу туздуу болуп калган.

Быйыл Ак-Жар айыл өкмөтү менен кеңешип, 1 км 900 м аралыктан таза суу түтүктөрүн тартып келдик. Айылдын кире беришине бир суу чоргосу орнотулуп, суу чыгып жатат. Учурда ал чоргодон 100 түтүн эл кезек менен суу алып калды. Ошондой эле, айылдын жолуна шагыл төктүрдүк», - деди Р.Курманкулов.

Бул долбоордун ишке ашуусу менен айыл өкмөт боюнча калктын 70 пайызы таза суу менен камсыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 521
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×