Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баткен

Элет көйгөйү: Лейлектин Сада айылынын тургундары электр тогун Тажикстандан алып пайдаланып келет (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Сада айылы электр энергияны Тажикстандан алат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, чек арада жаңжал чыккан сайын электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Мындан улам кыргыз тараптан электр энергиясын тартуу зарылдыгы курч бойдон турат.

«Биздин жолубуз дагы Тажикстандан өтөт. Электр энергиясы да Тажикстандан келет. Алар кааласа беришет, каалабаса жок. Чек арада чыр чыкса эле үзүп салышат», - деди айыл тургуну Нурмамат Шакиров.

Сада айылындагы 24 кожолук СССР убагынан бери эле электр энергиясын Тажикстандан алышат. Мындан улам Баткен облусунун жетекчилиги «Ош электр» ишканасы менен биргеликте Сада айылын көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз кылуу аракеттерин көрүүдө.

«Тажик тарап менен жолугушууда Сада айылына мындан ары да электр энергиясын үзгүлтүксүз берип туруу боюнча макулдашылды. Эми өзүбүз тараптан электр энергиясын тартуу боюнча «Ош электр» ишканасы менен сүйлөштүк. Кулундудан Сада айылына чейинки аралык 2 чакырымды түзүп, 84 мамы керектелет экен. Алдыда айыл элин электр жарыгы менен толук өзүбүз камсыздайбыз. Ошондой эле, айылга таза суу түтүгү тартылып жаткан. Тажик тарап таза сууну бөлүшүүнү сунуштады, макулдаштык. Эми Тажикстандын Пахтабат айылы таза сууну бизден алышат», - деди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

Лейлек районунун Сада айылы Тажикстандын Пахтабат айылы менен чектешет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1293
×