Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 12.02.2018 14:21

Тоң районунда бизнес форум өттү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылында райондук администрация тарабынан уюшулган бизнес форум өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары Дюшалиев Абдыбек, Жамангулов Акылбек жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Форумду Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Ажиев ачып, форумдун максаты ишкерлер менен айыл аймактардын өз ара диалогун жүргүзүүгө шарт түзүп берүү экенин белгилеп, мындай саамалыктар райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Катышуучулар форумдун алкагында уюштурулган көргөзмөгө да күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×