Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.02.2018 13:57

Ысык-Көлдө «Кыргызавтомаш» пансионатында коттедж күйүп кетти (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 10-февралда саат 14:25 чамасында Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында катталган. Анын кесепетинен «Кыргызавтомаш» пансионатына тиешелүү коттедж толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин №32 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, саат 20:30да толугу менен өчүрүлдү. Коттедждин жалпы 210 чарчы метри күйгөн.

Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×