Кемин районунун башчылыгына Жумгалбек Дүйшебаев дайындалды (өмүр баяны)
Turmush - Кемин райондук мамлекеттик администрациянын башчысы болуп Дүйшебаев Жумгалбек Ражапович дайындалды.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 12-февралда Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жыйынында Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкулов премьер-министр Сапар Исаковдун 9-февралдагы буйругу менен Дүйшебаев Жумгалбек Ражапович аким болуп дайындалгандыгын билдирди. Жыйынга өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Улан Айтбекович да катышкан.
Өмүр баяны:
Дүйшебаев Жумгалбек Ражапович Жумгал районунун Чаек айылында 1968-жылы төрөлгөн.
- 1986-жылдан 1988-жылга чейин советтик армияда кызмат өтөгөн;
- 1988-1989-жылдары биргелешкен жумушта эмгектенген;
- 1993-жылдан 1995-жылга чейин Быстровкадагы техниктердин жаш директору болгон;
- 1996-1996-жылдары Орловка №1 орто мектепте мугалим болуп эмгектенген;
- 1997-2003-жылдардын аралыгында жетектоочу юрист, Орловка шаарындагы «Кыргыз химия-металлургиялык комбинат» АКнын башкаруу мүчөсүндө иштеген;
- 2003-жылдан 2008-жылга чейин Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратында кеңешчи болгон;
- 2013-2017-жылдары Орловка шаарынын мэри;
- 2017-жылдан тарта Орловка жылуу суу ишканасынын юристи болуп эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.