Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 10.02.2018 14:29

Кара-Сууда Ооган согушунун катышуучуларына арналган бөлмө ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-февралда Кара-Суу районундагы Сооронбай Жусуев атындагы орто мектебинде Ооган согушунун катышуучуларына арналып, атайын бөлмө ачылды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ооган согушунун катышуучулары айыл өкмөттөрү менен биргеликте атайын бөлмө ачышкан. Бөлмөдө Ооган согушуна катышкандардын эрдиктерин чагылдыруучу сүрөттөр коюлган.

Бүгүнкү күндө Кара-Суу районунун аймагында 400дөн ашуун Ооган согушунун катышуучулары бар. Бул согуштун аяктаганына быйыл 29 жыл болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×