Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Ош облусунда 29 миңге жакын бала ай сайын жөлөк пул алат

Turmush -  Ош облусу боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн 28 миң 162 балага ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Бул жылы 2017-жылга салыштырмалуу жөлөк пул алуучулардын саны 5522 балага көбөйгөн. Ошондой эле, ар кандай жеңилдиктер 7005 адамга каралганын өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет тарабынан жеңилдиктер Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгектин ардагерлерине, ооганчыларга, чернобылчыларга каралган.

Ош облусунда пенсия алуучулардын саны 2018-жылдын 1-январына карата 122 миң 707 жаранды түзөт.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 639
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 5 адам окуп жатат)
×