Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусу 09.02.2018 15:36 Жаңыланды: 09.02.2018 19:25 На русском

Нарында 14 жаштагы кызды ата-энеси зордуктаган адам менен нике кыйдырууга көндүргөн

Turmush -  Нарын облусунда өткөн жылы 14 жаштагы кыз сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарында уюштурулган жолугушууда «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, сексуалдык зомбулуктун кесепетинен кыз кош бойлуу болгон. «Кыздын ата-энеси жоопкерчиликтен качуу үчүн аны зордуктаган адам менен нике кыйдырууга көндүрүшкөн. Алар кызды нике сүйүү жана макулдук менен болгонун айтууга көндүргөн. Үй-бүлө элдин абдан аярлуу катмарынан экен. Ал эми өспүрүм кыз ден соолугунан жабыркайт», - деди ал.

Сүрөттө Назгүл Турдубекова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×