Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Кышкы олимпиада: Пхёнчханда Кыргызстандын желеги илинди (фото)

Turmush -  Олимпиада оюндары башталган Түштүк Кореянын Пхёнчхан аймагында Кыргызстандын мамлекеттик желеги көтөрүлдү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарага Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

Кореянын Пхёнчхан шаарында бүгүн, 8-февраль күнү 23-кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында таймаш башталат. Ал эми, кыргызстандыктар 13-февралдан тарта жарышка түшөт.

Маалым болгондой, таймаш 18 күнгө созулуп, спорттун 7 түрү боюнча 102 топтом медаль ойнотулат. Кышкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан эки спортчу — тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана лыжачы Тариэл Жаркымбаев жөнөп кеткен.

Кыргызстандык делегация атлеттердин парадында

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2500
Көп окулду
×