Turmush — Өлкөнүн анын ичинде Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшү жасалган иш-аракеттерден жана ошол аймакты жетектеген башчыдан көз каранды. Бүгүнкү күндөгү рыноктук шартта Нарын облусунда кандай өзгөрүүлөр болду? Кандай иштер аткарылды? Ушул жана башка суроолорго Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдон кенен жооп алды.
Аманбай Кайыпов аталган кызматта 2013-жылдын 3-декабрынан тартып эмгектенип келет.
- Саламатсызбы Аманбай Кайыпович, Сиз жетектеп келе жаткан мал киндиктүү Нарын жергеси акыркы 5 жылда кандай өзгөрдү?
- Нарын облусуна жетекчи болуп келгениме 5 жылга аяк басты. Албетте, ар бир иш иреттүү, жыйынтыктуу болушу үчүн пландуу кадамдарды таштоо зарыл. Ушуга байланыштуу бир катар иш пландарды кабыл алганбыз. Ал эми 5 жыл аралыгында көптөгөн иштер аткарылды. Баарына токтолуп отурбастан алгач 2013-2017-жылдардагы жалпы облуста социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча так цифралар менен кыскача маалымат берейин. 2013-жылга салыштырмалуу региондук дүң продукт 9 млрд 734,5 млн сомдон 12 млрд 966,7 млн сомго жогорулады. Ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмү 1 млрд 257,9 млн сомдон 2 млрд 320,7 млн сомго өстү.
- Көмүр өндүрүү 413,2 миң тоннадан 857,5 миң тоннага өстү же эки эсеге жогорулады;
- Электр энергияны өндүрүү 142,2 млн кВт сааттан 151,1 млн кВт саатка көбөйдү;
- Кочкор районунда бут кийим чыгаруучу ишкана ачылып («Ренесанс» ЖЧК), доломит чыгарган «Ак-Таш Дордой» ишканасы, барид чыгарган «Санхе» ЖЧК иш алып барышууда.
Айыл чарба продукциясынын дүң көлөмү 12 млрд 690,9 млн сомдон 13 млрд 849,9 млн сомго өстү. 2018-жылдын 1-январына карата малдын саны өсүп, 2013-жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү мал 25,1 миңге, кой-эчкилер 62,2 миңге, жылкы 17 миңге, үй канаттуулары 21 миңге өстү. Ошондой эле, 2013-2017-жылдар аралыгында облус боюнча 34 күнөсканалар, 33 балык чарбалар, 110 бал өндүрүүчүлөр, 10 тоок чарбалар уюшулуп иш жүргүзүүдө.
- Кочкор районунун Кочкор айылына «Адал Азык» ЖЧКнын демилгеси менен USAID «Агрогоризонт» долбоорунун колдоосунда эл аралык талаптарга жооп берген мал союучу жай курулуп, ишке берилди;
- Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагында «Жанар Q Бек» ишканасы эт азыктарынан тушенка чыгарууда;
- Малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча дагы иштер жүргүзүлүп, 2013-2017-жылдар аралыгында облус боюнча 5 асыл тукум чарба жаңыдан уюшулган. Бүгүнкү күндө малдын асылдуулугун көтөрүүдө облус боюнча 20 асыл тукум чарбалары жана 39 малды уруктандыруучу куут пункттары иш алып барышууда;
- 2013-жылы облус боюнча 3 ветеринардык клиника болсо, 2017-жылда алардын саны 23кө жетти.
Нарын облусу боюнча бардык жайыт 2 млн 223 миң 246 га түзөт. Бүгүнкү күндө облус боюнча жайыттын 73%ы пайдаланылууда. Алыскы жана ортоңку жайыт эсебиндеги жайытка баруучу 1283 км жолдор оңдолду. Жайыт эсебиндеги өтмөктөргө 23 көпүрө жаңы курулуп, 56 көпүрөгө капиталдык оңдоолор жасалды. 85 суу түтүкчөлөрүн жана булактарын көзүн ачуу жумуштары ишке ашты.
Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору аркылуу жайыттарды жакшыртууга жана жайыт комитеттеринин абалын жогорулатууга 2014-2016-жылдары облус боюнча 43 атайын техникалар, менчик ветеринардык сервистерге 57 даана мотоцикл унаалары алынып берилди. Ошондой эле, ветеринардык комплекстерди, күпкөлөрдү, алыскы жайыттардын эсебиндеги участоктордогу жолдорду, көпүрөлөрдү, корук (раскол), Беккари чункурларын курууга жардам көрсөтүлдү.
Ирригациялык жана коллектордук дренаждык тармактарды жакшыртууда 2013-2017-жылдарда облус боюнча стратегиялык планга кирген объектилерде 169 млн 233 миң сомго жумуштар жүргүзүлүп, 6235 га суу берүү жакшырып, 600 га жаңы жер өздөштүрүлдү. Натыйжада, пайдаланылбай калган жерлердин аянты 2013-жылга караганда 6376 га кыскарган.
Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясындагы башкы суу тосмо курулмасынын, Нарын районундагы «Кажырты» башкы суу алуучу курулмасынын реабилитациялоо жумуштары бүткөрүлдү. Ал эми, Жумгал районундагы Баш-Кууганды дарыясына БСР куруу долбоору 2018-жылы бүткөрүлөт.
Бүгүнкү күндө облуста суу чарба объектилери боюнча мамлекеттик программага болжолдуу баасы 5 млрд 296 млн сомдук 9 объект киргизилди. Аталган объекттер курулса 10281 га жер жаңы өздөштүрүлөт. Ошондой эле 4868 га жерге сугат суу берүү жакшырып, 7226 га жер насостук сугаруудан өзү агуучу каналга которулат.
Негизги капиталга инвестициялар 3 млрд 371,3 млн сомдон 6 млрд 256,3 млн сомго өстү (2 млрд 885,0 млн сомго көбөйдү).
Транспорт тармагы боюнча Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолун реабилитациялоо боюнча жумуштарды толук бүткөрүү 2018-жылдын август айына пландаштырылууда. Ал эми, Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Нарын облусунун аймагынан өтүүчү участогунда курулуш иштери аткарылууда. Аталган автожолдор бүткөрүлсө Нарын облусунун өнүгүшүнө чоң салымын кошот. Мындан тышкары, 2013-2017-жылдары жол тейлөө мекемелери тарабынан 97 км жолго асфальт төшөлүп, 88,5 км жолго шагыл төгүлгөн. Ак-Талаа районунда 2013-жылы асфальт чыгаруучу завод (АБЗ) ишке берилген.
2014-2017-жылдары 266 жаңы чакан ишканалар ачылып, 1001 жумушчу орундар түзүлдү. 2013-2017-жылдары Капиталдык салымдар беренеси менен 33 объект толук бүткөрүлүп, ишке берилген. Мунун ичинде облустун мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 2017-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 290 млн 395 миң сомго жогорулаган. Анын ичинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 181 млн 132,9 миң сомго, жергиликтүү бюджет 2017-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 109 млн 262,1 миң сомго жогорулаган.
Билим берүү тармагы
Облус боюнча 5 жыл аралыгында 21 мектеп, 3 бала бакча, 9 спорт зал курулган. Алардын ичинен мамлекет тарабынан капиталдык салымдар тизмесине киргизилген 17 мектеп, 1 бала бакча, 5 спорт зал пайдаланууга берилген. Ал эми эл аралык уюмдар менен 1 университет, 4 мектеп, 2 бала бакча, 4 спорт зал курулуп, пайдаланууга берилди. Борбордук Азия университетинин Нарындагы кампусу 2016-жылы 5-сентябрь күнү ишин баштап, биринчи топ менен 71 студент кабыл алынган. Бүгүнкү күндө 67 студент билим алышат.
5 жыл аралыгында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекет тарабынан 1 объект, эл аралык уюмдар тарабынан 23 ФАПтын имараты курулуп пайдаланууга берилген. Алсак, мамлекет тарабынан 62 млн сомго Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын 2 кабаттуу неврология бөлүмү бүткөрүлдү. «Агахан» фондусунун эсебинен заманбап диагностикалык борбор ачылган. Япония тарап менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин макулдашуусу аркылуу гемодиализ борбору 22 млн сомго бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 5 жыл аралыгында мамлекет тарабынан 9 автоунаа демөөрчү тарабынан 2 автоунаа пайдаланууга берилген.
Маданият тармагы
Облустук театрдын имаратын капиталдык оңдоого мамлекет тарабынан 47 млн сом бөлүнүп, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Президенттин фондусунан 1 млн сом бөлүнүп, облустук театр 16 орундуу кичи автобустуу болушту. Ошондой эле, облуста 1 клуб, 2 музыкалык мектеп бүткөрүлдү.
Тарых жана маданият жылындагы негизги иш-чаралардын бири Теңир-Тоодон чыккан Тайлак баатырдын 220 жылдыгын белгилөө болгон. Иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 1 млн 700 миң сом бөлүнүп, күмбөзү реконструкцияланды.
Спорт тармагы
5 жыл аралыгында 31 спорттук объект курулуп, жалпы 233 млн 821 миң 200 сом акча каражаты жумшалган. Анын ичинен 1 муз аянтчасы, 19 футболдук аянтча, 9 спорт зал, 1 күрөш зал, 1 спорттук залга жуунучу жай салынган. Демөөрчү тарабынан Нарын шаарына жабык муз аянтчасы 96 млн сомго салынып, ишке берилген.
5 жыл ичинде облустук спортчулар 57 алтын медаль, 83 күмүш медаль, 90дон ашык коло медаль алып, облустун намысын коргошту.
Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө зор салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар реалдык сектордун келечектүү тармагы — бул туризм. 5 жыл аралыгында Нарын облусуна жалпы 124 миң 81 турист келген. Облуска 62 млн 237 миң сом киреше түшкөн.
Тарыхый-маданий объектилерди коргоого, сактоого, изилдөөгө Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы жер астындагы шаардын калдыктары жайгашкан жер изилдөөгө алынып, Түркия мамлекетинин ТИКА фонду тарабынан каржыланып, жумуш башталды.
Нарын облусунда фестиваль туризми жакшы жолго коюлуп, туристтерди тартууда «Кыргыз шырдагы», «Манас», «ЭкоНарын», «Нукура» фестивалдары өткөрүлдү.
Облусубуздун аймактарында жайгашкан тарыхый жерлерге баруучу багыттар жөнүндө маалымат такталары, айылдын аттары жазылган жана багыт көрсөткөн 42 белгилер жаңыртылып, 19 көпүрө, 63 км жолдор оңдолгон.
- Элдин иш менен камсыз болуусу да жашоо-турмушту, ички бюджетти чыңдайт эмеспи. Облустагы жумушсуздук тууралуу айта кетсеңиз.
- 2017-жыл ичинде облус боюнча жумуш издеп каттоодо тургандардын жалпы саны 5937 (2016-ж 7572) адам болду. Мунун ичинен 4087 (2016-ж 5442) адам расмий жумушсуздук статусу бар катары каттоодо тургандар. Жыл ичинде ишке жайгаштыруу өтүнүчү менен жалпы 3297 адам кайрылса, алардын ичинен 1398 адам жаштар. Ал эми коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 1368 адам тартылса, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо кыска мөөнөттөгү курстарга 487 адам жиберилген. Иш менен камсыз болгондор 788 адам, кесиптик окутуудан кийин ишке орношкондор 296 адамды түзсө, ишкердик жүргүзүүнү каалаган 10 жумушсуз жаран 15 пайыз менен 200 миң сом өлчөмүндө чакан насыя менен камсыз болгон. Облус боюнча Ак-Талаа районунда 10 жумушсуз жаранга гана чакан насыя берилип, башка райондордо насыя алгандар катталган эмес. Албетте, булар тийиштүү органга кайрылып, расмий катталгандар гана.
Эл аралык уюмдар тарабынан 2017-жылы облус боюнча 130 долбоорго 238 млн 909 миң сом каржыланып, 279 жумушчу орун түзүлдү. 68 ишкана ачылып, 314 жумушчу орун түзүлдү.
Негизгиси калкка шарттарды түзүп берип, өз алдынча ишкерлик кылууга жардам берүү зарыл. Ири ишканаларды ишке киргизсек, аларга жумушчу орундар көбүрөөк талап кылынат. Ошондуктан учурда ири долбоорлорду турмушка ашыруу боюнча иштеп жатабыз.
- Облуста ачылган ишканалар тууралуу кеп кылсаңыз.
- Кыргыз Республикасынын премьер-министринин 2015-жылдагы протоколдук тапшырмасына ылайык райондорго, шаарга 10дон кем эмес жаңы ишкана ачуу боюнча тапшырмалар берилген. Жогоруда айтылгандай, 2017-жылы 68 жаңы ишкана ачылып, 314 жумушчу орундар түзүлгөн. Жаңы ачылган ишканалардын эсебинен бюджетке 707,7 миң сом акча каражаты түштү.
Албетте, жергиликтүү бийлик ишкерлерге зарыл болгон жардамдарды көрсөтүп келет. Мисалы, жер аянтын бөлүп берүү жана башка мыйзамдуу иштерине колдоо көрсөтүп келебиз.
2017-жылы көрүнүктүү ийгиликтердин бири — «Агрогоризонт» программасынын колдоосу менен «Адал азык» компаниясы Кочкордо мал союучу цех ачты. Фермерлер малынын этин өткөрүүгө шарт түзүлдү. Ал эми келечектүү пландар боюнча айтсам, Кочкор районундагы картошка сактоочу логистикалык борбордун курулушун бүткөрүү, Ат-Башы районундагы соода-индустриалдык логистикалык борборунун курулушуна инвесторлорду тартууга аракеттерди көрөбүз. Орус-кыргыз өнүктүрүү, гарантиялык фонддору менен тыгыз байланышта иш алып барып, долбоорлордун колдоого алышына ишкерлерге көмөк көрсөтөбүз. Бул ири долбоорлордун ишке ашуусуна убакыт талап кылынат экен. Анткени жумуш көлөмдүү жана экспортко продукцияларды чыгаруу олуттуу маселе.
- Дотациянын деңгээли кандай жана дотацияда отурган айылдар барбы?
- 2017-жылга карата дотациянын көлөмү 51,2 пайызды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга көбөйгөн. Дотациянын көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу Ак-Талаа районунда 2,7%га, Ат-Башы районунда 6,4%га, Жумгал районунда 2,1%га, Кочкор районунда 4,6%га көбөйгөн. Ал эми, Нарын районунда 4,0%га азайганы менен дотациянын көлөмү облустун көрсөткүчүнө салыштырмалуу жогору бойдон калууда. 2017-жылы 3 айыл дотациядан чыкты. Булар — Жумгал районунун Чаек айылы, Байзак айылы жана Кочкор районундагы Кочкор айылы.
- Сиздер кабыл алган жол картасы боюнча кандай иштер аткарылды?
- Облуста натыйжалуу иш жүргүзүү багытында дубанга жетекчиликке келген күндөн баштап облустук, райондук жана айыл аймактарда, тактап айтканда үч баскычта калктын жашоо шартын оңдоо аракеттерин пландоодо максаттуу иш мерчемдерди аныктаганбыз. 2014-2017-жылдарга карата Нарын облусунун өнүгүүсүнүн жол картасы кабыл алынган. Облустук программада айыл чарба, мал чарбасы, өнөр-жай, электр энергия, жол-транспорт, туризм, инвестиция, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт, маданият тармактары сыяктуу негизги багыттарда иш мерчемдери белгиленген. Өнүгүү жол картасын бардык айыл аймактарда, райондордо сапаттуу аткаруу милдеттери коюлган. Ар бир райондо семинар өткөрүү менен жеринде барып натыйжаларын көрдүк. Жыйынтыктары боюнча пландалган иштин жалпы 80 пайызы аткарылган. Эми бул ишти улантуу үчүн 2018-2021-жылдарга карата ар бир аймактын өнүгүү жол карталары иштелип чыгууда.
- Сырттан келген инвестициянын көлөмү канча жана кандай долбоорлор менен иштеп жатасыздар?
- 2017-жылдын 3 кварталында облуска 2 млн 927 миң доллар өлчөмүндө чет өлкөлүк инвестиция тартылды. Мунун ичинен түз инвестиция 363,4 миң АКШ долларын түзөт. 2017-жылда үлүштүк гранттын эсебинен облуста жалпы 26 долбоор ишке ашырылып, гранттын суммасы 44,1 млн сомду түздү. Кыргыз Республикасынын президентинин «2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясына» кирген улуттук инвестициялык долбоорлордон Нарын облусу боюнча жалпысы 637,4 млн АКШ доллардык 7 инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылып, 2017-жылы 4 долбоор боюнча иш жүргүзүлүүдө. Алар: Бишкек — Нарын — Торугарт автожолун реабилитациялоо, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясындагы башкы суу тосмо курулмасынын реабилитациялоо, Жумгал районундагы Баш-Кууганды дарыясына БСР куруу долбоорлору.
Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүгө өтүү программасынын негизинде 2 млрд 389 млн 801,6 миң сомдук 26 инвестициялык долбоорлор пландалган. Алардын ичинен 345 млн 548,6 миң сомдук 7 инвестициялык долбоор бүткөрүлдү.
Алар:
- Нарын шаарындагы Төш-Булак участкасындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу долбоор;
- Жумгал районунун Өрнөк айылындагы Көкө-Мерен дарыясына көпүрө куруу;
- Жумгал районунун Чаек айылындагы АЗСтин курулушу;
- Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында таза суу түтүгүн орнотуу;
- Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында таза суу түтүгүн орнотуу;
- Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясындагы башкы суу тосмо курулмасын реабилитациялоо жана Ак Талаа районундагы Байымбет атындагы орто мектебине кошумча имарат куруу долбоору.
2017-жылы 356 млн 855,5 миң сомго 12 долбоор боюнча иштер жүргүзүлдү. Ал эми 7 долбоор каржылоонун жоктугунан башталбай токтоп турат.
Мындан тышкары, Нарын облусу Япония, Кытай Эл Республикасы, Түркия мамлекеттеринин өкүлдөрү менен социалдык-экономикалык багытта кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, негизгиси айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча долбоорлорду сунуштап жатабыз. Жыйынтыгы жакында белгилүү болот.
- Ипотека, турак жай маселелери боюнча жылыш барбы?
- Өкмөттүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын алкагында Кыргызстанда биринчилерден болуп Нарын шаарында көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2017-жылдын сентябрь айында башталды. 5 кабаттуу үй 60 үй-бүлөгө ылайыкталган. Капсула салуу аземине экс-президент А.Атамбаев катышты. Быйыл курулушу бүтсө мугалимдер, медицина кызматкерлери, социалдык кызматкерлер ипотекага сатып алышат. Мындан тышкары, «Мамлекеттик ипотека компаниясы» ААКтын 22-январга карата маалыматына ылайык, Нарын облусунан 103 адам ипотекага турак жай алышкан. Анын ичинде 48 батир, 55 жер үй бар.
- Кен казуу, көмүр кендериндеги көйгөйлөр жана анын жөнгө салынышы кантип жатат?
- Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө тоо-кен казуу өнөр жайынын үлүшү чоң. Облуста көмүр, алтын, доломит ташы жана башка кендер иштетилет. Көмүр өндүрүүнүн жалпы көлөмү 2017-жылы 857,5 миң тоннаны түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 39,0 миң тоннага көп болду. Мындан 4-5 жыл мурун оор жүк ташуучу унаалар жумалап кезек күтүп, айдоочулар кыйынчылыктарга туш болуп келген. Мындан улам «Турускул» өтмөгүн уюштуруп, тараза коюп, тиешелүү кызматтарды көзөмөлгө койгонбуз. Иретке келип, айдоочулардын кезек күтүүсү азайды. Көмүрдү өндүрүүнүн көлөмү өстү.
Ал эми облустун аймагында кен чалгындоо, казуу, изилдөө үчүн 138 субъект лицензия алган экен. Бирок анын азы иш жүргүзүп келет. Ошол субъекттер айыл өкмөтү, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй койгон учурлар катталды. Лицензияны алганына карабастан көп жылдар бою жерди иштетпей жүргөн субъекттер дагы бар. Жакында премьер-министрдин кабыл алуусунда болуп, Нарын облусун өнүктүрүү багыттары боюнча презентация өткөрдүк. Ошондо дагы кендер боюнча маселе каралды. Эми лицензиясы бар, бирок максаттуу иш алып барбай жаткан субъекттердин лицензиясын алуу, сынактарды жеринде өткөрүү каралып жатканы маалымдалды.
- Алдыдагы пландар менен иш-чаралар жана жаңы долбоор, максаттарга токтоло кетсеңиз.
- Жалпыга маалым болгондой президент тарабынан 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөттүн «Жаңы доорго 40 кадам» программасы кабыл алынды. Жогорудагы маанилүү документтерди турмушка ашырууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун алдында жооптуу милдеттер турат. Облустун өнүгүшүнүн негизги тармагы болгон мал чарбачылыгын көтөрүүдө асыл-тукум фермердик чарбалардын санын көбөйтүү, ар бир айыл өкмөттө жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын, ветклиникаларды куруу, малды идентификациядан өткөрүүнү, малдын кыймылын көзөмөлгө алууну ишке ашырабыз.
Ат-Башы, Нарын райондорунда заманбап мал союучу жайларды, Нарын шаарында сүт иштетүүчү заводдун курулушуна чараларды көрөбүз. Кочкор районундагы картошка сактоочу логистикалык борбордун курулушун бүткөрүүнү, Ат-Башы районундагы соода-индустриалдык логистикалык борбордун курулушуна инвесторлорду тартууга аракеттерди көрөбүз. Орус-кыргыз өнүктүрүү, гарантиялык фонддору менен тыгыз байланышта иш алып барып, долбоорлордун колдоого алынышына ишкерлерге көмөк көрсөтөбүз. Жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү максатында кошумча каражат табуу менен дотациянын көлөмүн кыскартуу чараларын көрөбүз.
- Нарын шаарынын 150 жылдыгын өткөрүү боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
- Облустун административдик борбору — Нарын шаары. Шаардын 150 жылдык мааракесин белгилөө боюнча пландар бар. Албетте, мааракени белгилөө — бул той өткөрүп коюу эмес. Негизгиси шаар элинин жашоо-шартын жакшыртуу, ыңгайлаштыруу багытында иш алып барабыз. Ишкана ачуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, эс алуу жайларын куруу, инфраструктурасын жакшыртуу приоритеттердин бири.
Бир мисал катары, январь айында Нарын облусунан делегацияны Түркиянын Кастамону облусуна жетектеп барып, соода-экономикалык, гуманитардык, маданий кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ишкерлерге бир нече долбоорлор сунушталды. Түрк туугандар кызматташуунун алгачкы кадамы катары Нарын шаарына достук паркын куруп берүүнү убадалашты. Учурда Нарын шаарынын мэри, шаардык кеңештин төрагасы, университеттин ректору болуп Түркияда. Алар тийиштүү документтерге кол коюшат. Ошондой эле, мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерден тышкары, жергиликтүү ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кичи мекенине салым кошууга чакыруудабыз.
- Учурдан пайдаланып элге кайрылып кетсеңиз болот.
- Мезгил талабына ылайык асыл тукум малдан пайда табуу тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эт, сүт багытындагы уйларды багып, арбын киреше алуунун убактысы келди. Облусубуз логистикалык борбор, эт комбинатын, сүт заводун куруу алдында турганына кубанам. Албетте, бир мезгилде баарына жетиш кыйын, ага каржы керек, анткен менен мамлекет элдин турмушун оңдоого шарт түзүп берип жатат. Ал эми, элибизге үй-бүлөсүнө көңүл буруп, жашоосун оңдоого, балдарын адептүү тарбиялап, айыл маданиятын көтөрүү менен катар ата-энелик жоопкерчилигин көтөрүүсүнө тилектешмин.
Ар адамдын өмүрү, жашоосу өз алдынча кайталангыс жана баа жеткис эмеспи. Элибиздеги «Жакшы тилек — жарым ырыс» деген накыл кепти эске салып, жашообузга жарык нур болуп, төгүлөр жакшылык деген улуу сөз турмушубузду жылоолосун деп тилейм. Элибиздин ниет-пейили тазарып, адал эмгекке, жаркын жашоого болгон умтулуубуздун учугу улана берсин. Эң оболу, кең пейилдиктин, адилдиктин ак жолунан адашпайлы. Ал эми улуттук каада-салттарды тутуна билген, акылга бай, пейли кенен, эмгекти урматтаган элибиз барда биз ашар белестер али алдыда.
- Маегиңизге чоң ырахмат. Ишиңизге ийгилик!