Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Апасы катуу сабаган 2,5 жаштагы Бексултандын мээси чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган, - дарыгер (видео)

Turmush -  Ош шаарында өзүнүн апасы сабагандан кийин комага түшкөн 2 жаш 8 айлык Бексултандын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынан реаниматолог дарыгери Ташибай Алиев бүгүн, 5-февралда билдирди.

Дарыгер баланын денесинде мурда да сабалган тактар байкалганын айтууда.

«2 жаш 8 айлык бала өтө оор, эсин жоготкон абалда келген. Жүрөгү эле согуп жаткан. Жасалма дем алдыруу менен жардам көрсөттүк. Бала дары-дармектен кийин шок абалдан чыкты, бирок азыр да абалы оор. Мээси да катуу чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган. Денесинде көп тактар бар экен. Аны менен мурда да ур-тепкиге алынганы билинип турат.

Баланы өзү тепкичтен жыгылып түштү деп алып келишкен. Азыркы абалы туруктуу оор. Тамакты шланг аркылуу берип жатабыз жана дары-дармектер жетиштүү. Мындай зомбулукту биринчи жолу көрүп жатам», - деди Т.Алиев.

-------------------------------------------------------------------

Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан жеткирилген.

Кийинчерээк Ош ШИИБдин басма сөз кызматы өз баласын сабаган аял камакка алынганын билдирди. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын болжолдуу маалыматы боюнча, Бексултандын апасы апасы 24 жашта. Ал күйөөсү менен бирге жашабайт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 779
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×