Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Жеңеке: Балыкчынын келини Нурзаданы жеңелери чөп чаап, кирпич куйганды билет деп макташкан (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 23 жаштагы тургуну Ниязбек кызы Нурзада жаңы келин болгондогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди. Ал Нарын районунун Ак-Булуң айылында төрөлүп, 2013-жылы Балыкчы шаарынын 30 жаштагы тургуну Эрлан Тыныстановга турмушка чыккан.

«Мен 2013-жылы Токмок шаарында жүргөндө жолдошум көрүп жактырып калыптыр. Ошондо 27-август эле. Экөөбүз таанышып, андан көп өтпөй эле үйлөнүп калганбыз. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан ата-энебиздин жанындабыз. Россияда да иштеп жүрүп, кайра кайтып келдик. Жолдошум мурда мени эч жерден көргөн эмес, бирок биздин айылга келин болуп келген жеңелер мен жөнүндө айтып жүрүшчү экен. Жолдошум менден мурун 3 кызга жолугуп жактырбай коюптур. Акыры жеңелерден мен жөнүндө сураштырып жатып, мени менен таанышкан. Мени жеңелерибиз чөп чаап, чөп чөмөлөп, кирпич куйганды билет деп макташыптыр», - деди ал.

Ал келиндик милдетин бир нече убакыттан кийин гана аткара баштаган.

«Жаңы келгенде эки күндөн кийин Россияга кеткенбиз. Менин ата-энем сарсанаа болуп, күндө телефон чалып кабар алып турушчу. Ал жактан келгенден кийин гана мен келиндик кызматымды аткара баштагам.

Биз Россияга кеткенде жолдошумдун туугандары үйгө келсе келин жок, алар таң калышыптыр. Туугандар келин кайда деп сураса кайнатам "Келинди силер эмес мен көрө элекмин, ачуу басарга барып келгиче кетип калышыптыр " деп таң калганын айтыптыр.

Жаңы келгенде кайнагамдын 3 жашар баласы мени жолдошумдан талашканы эсимде. Ал "Жеңем меники, сага Дордойдон аял сатып берем", деп күлдүрткөн.

Өзүм кой соём, бирок устукандаганды билбейм. Балыкчыга келин болуп келгенде кошуналар кой сойгонумду көрүп таң калышкан. Аялдын кой сойгонун биринчи жолу көрүшүптүр.

Жолдошум түшүнүктүү, ыймандуу, мээримдүү. Келечекте бир уул , бир кызыма татыктуу тарбия берип, эл керегине жараган кесибим менен эмгектенсем деп тилейм», - деди ал.

Жубайлар бир уул, бир кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3538
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×