Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Баракелде, Бишкек 02.02.2018 18:48 На русском

Бишкекте хирургдар 64 жаштагы бейтаптын ичиндеги 10 кг жакын шишикти алышты

Turmush -  Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыгерлер тарабынан уникалдуу операция жасалды. Алар 64 жаштагы бейтаптын ичиндеги 9,6 кг салмактагы шишикти жок кылышты.

Дарыгер Муратбек Осомбаев АКИpress агенттигине билдиргендей, аталган бейтап 2017-жылдын апрель айында текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгында анда шишик бар экени аныкталган. Бейтапка онкологиялык дарыгерлерге багыттама берилип, бирок ал операциядан баш тарткан. «Ал бизге 16-январь күнү келди. Бейтапка диагноз коюлуп, кайрадан компьютердик томографиядан өткөрүлдү. 2017-жылдын апрель айынан бери шишик 3 эсеге чоңойгон», - деди ал.

24-январь күнү дарыгерлер бейтаптын ичиндеги шишикти жок кылуу боюнча операция жасап, ал ийгиликтүү өттү.

«Анын сол бөйрөгүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Себеби ал шишиктин ичинде болчу. Биз анын сол бөйрөгүн алдык, бирок калган органдарын сактап калдык. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык жана аны ооруканадан чыгарууга даярдап жатабыз», - деп белгиледи М.Осомбаев.

опухоль

опухоль

Толугу менен бул шилтемеде: http://zdorovie.akipress.org/news:1429682?from=portal&place=last

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×