Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.02.2018 12:35 Жаңыланды: 12.07.2018 13:44

Айыл турмушу: Тоңдук депутат колу-буту сынган адамдарды дарылап, малды уруктандырат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Төрт-Күл айылынын 41 жаштагы тургуну Таалайбек Мусабеков мал доктур болуп эмгектенип, малды жасалма жол менен уруктандырат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Агрардык академияда билим алып, ветеринар кесибине ээ болгон.

«2010-жылдан бери жеке мал доктур болуп эмгектенип келе жатам. Эт, сүт багытындагы уйларды жасалма жол менен уруктандырып, элге кызмат көрсөтүп келем. Уруктарды Германиядан алдырабыз. Баасы 800 сом. Эмгектенгенден бери жалпы 700гө жакын уйду уруктандырдым. Өзүмдүн короомдо 3 баш сементал породасындагы уйларым бар. Айылда жашагандан кийин буга чейин мал чарбасы менен алектенип, суу чарбасында да иштеп калдым. Учурда мал доктурдан сырткары айылдык кеңештин депутаты катары иштеп жатам», - деди Таалайбек Мусабеков.

Мындан тышкары, ал айылдагы буту-колу чыгып кеткен же сынып калган адамдарды дарылап келет.

«Колу-буту чыгып кеткендер кайрылат. Эгер сынса ордуна келтирип, гипстеп берем. Бул жаатта билимим жок болсо дагы сыныктарды калыбына келтирүүнү өз алдынча өздөштүргөм. Мектепти бүткөндөн баштап эле колу-буту чыгып кеткендерге жардам көрсөтчүмүн. Акысына эч нерсе сурабайм.

Бош убактымда китеп окуйм, алма бакчамды карайм. Келечекте балдарыма жакшы тарбия берип, келечегин түзүүгө түрткү берсем жана ушул ишимди кызыгуу менен улантсам дейм», - дейт элеттик ветеринар.

Таалайбек Мусабеков 3 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×