Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баракелде

Уурдалган унаасын өзү тапкан айдоочу аял ууруларга капкан салды. Шектүүлөрдүн сүрөттөрү

Turmush -  Бишкек шаарында жашаган Айжанга (аты өзгөртүлдү) тиешелүү «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Окуя ушул жылдын 17-январында болгонун Айжан өзү Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Маалым болгондой, уурдалган унаанын ээси «Хонда Одиссейдин» сүрөтүн интернетке жарыялап, көргөн-билгендерден жардам сураган. Анын натыйжасында кечээ, 18-январда кечки саат 20:00 чамасында уурулар колго түштү.

«Биз милицияга арыз бергенден кийин өзүбүз дагы эки күн бою тынбай издедик. Учурда
4-5 бала кармалды. Алар автоунаа уурдоо боюнча тажрыйбалуу адистер экен. Алар унааны көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна токтотуп кетишиптир. Кардар таап, арзан баада сатып жиберишмек экен. Биз ага чейин эле автоунааны таап, милицияга айттык. Бирок унаамды дароо айдап кетпей, алыстан байкоо жүргүзүп карап турдук. Кечки саат 20:00дө уурулар кардарларды таап, 4-5 киши болуп келип, автоунааны сатарда милициялар кармап калышты. Укук коргоо органдарынын айтымында, алар жаңы жылдын алды менен дагы 2 «Хонда Одиссей» унаасын уурдап, изин жашырып кетишкен», - деди ал.

Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, шаардын тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, 16-январда түн ичинде белгисиз бирөөлөр «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кеткендигин билдирген.
Бишкек ШИИБдин кызматкерлери Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери менен бирге издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, кылмышка шектүү делген 19 жаштагы О.у.З. жана Б.у.Н. кармашкан. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автоунааны же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда кармалгандар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө амалдары башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20854
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 26 адам окуп жатат)
×