Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Баракелде, Бишкек 18.01.2018 10:45 На русском

Бишкектеги жол кырсыктан 3 адам жабыркады, арасында 8 айлык наристе бар

Turmush -  Бишкек шаарынын Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ, 17-январда жол-транспорт кырсыктан 3 адам жаракат алды.

Булактардын маалыматына караганда, жабыр тарткан адамдардын арасында 8 айлык наристе бар.

Кийинчерээк ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, саат 22:00 чамасында «Гольф-4» үлгүсүндөгү унаанын 21 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, токтоп турган «Тойота Авенсисти» сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү — 41 жаштагы П.В. жана 2017-жылы туулган наристе (8 айлык) медициналык жардамга кайрылышты. Ошондой эле, «Гольф-4» унаасынын жүргүнчүсү Ю.К.га амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Учурда топтолгон материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×