Turmush - Бишкек — Ош жолунун 333-334-чакырымдарында жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу жүргүнчүлөр Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришти.
Алардын айтымында, 15-20дай жүк жана май ташуучу унаалар Көк-Бел ашуусунан чыга албай токтоп турушат. Анын кесепетинен жол тыгыны пайда болгон.
«Кар жаап жатат. Бирок жол сүрүлүп, кум чачылган эмес», - деп билдиришти жүргүнчүлөр.
Учурда айдоочулар аталган ашуудагы жолду колдору менен тазалап жатышат.