Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Мекендештер: Нарындык Каныбек мыкты адис болуу үчүн Кытайда билим алууда (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жылан-Арык айылынын тургуну Каныбек уулу Өмүрбек учурда Кытайдын Цзыбо шаарында билим алып жатат. Аймактык кабарчы алыстагы студенттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда 1 жылдык тил үйрөнүү курсунда окуп жатат. Кытайга 9-классты аяктагандан кийин келген.

«Кытайга келип окушума ата-энем чоң колдоо көрсөтүштү. Мен аларга бул жакта окуу жөнүндө айтканда кубанышты. Бул жакка бат эле көнүп кеттим. Кытайдагы окуум абдан кызыктуу жана көңүлдүү. Чет мамлекетте окуунун пайдасы абдан чоң экенин түшүндүм. Буйруса бул жактагы окууларга тапшырганга аракет кылып жатам. Ар бир адамдын мамлекеттиме керегим тийсе экен деген максаты бар эмеспи. Ошол сыяктуу мен дагы Кытай мамлекетинде окуп жатам. Буйруса Кыргызстанга барганда өз жериме керегим тийген чыгаан уулдардан болгум келет», - деди ал.

Студент үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 631
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×