Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Кыргыз эл артисти Фахриддин Баяков 69 жашында көз жумду

Turmush -  Кыргыз эл артисти, профессор, комузчу, педагог Фахриддин Баяков катуу оорудан улам 69 жаш курагында көз жумду.

56

Фахридин Баяков 1949-жылы 11-февралда Тажикстандын Жерге-Тал районунун Дувана айылында туулган. 1967-жылы Ош Кадамжай районунун Жданов атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1967-1971- жылдары Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктап, алгачкы эмгек жолун 1971-1972-жылдары Ош облусунун Фрунзе райондук маданият үйүнүн директору болуп баштаган. 1972-жылы аскерге чакырылып кызмат өтөгөн. Көп жылдык өмүрү Ош мамлекеттик университети менен терен байланышкан. 1973-жылдан тартып өмүрүнүн соңку демине чейин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасында профессор, ал ишине удаалаш эле Ош облустук Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда комузчу-аткаруучу, ОшМУнун «Таланттар академиясында» студенттерге устатык кылып иштеген. Бир канча ансамблдерди жетектеп, бир топ өлкөлөрдө өткөн сынактарда жеңүүчү болгон.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 13-январда Ош шаарында жерге берилет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3249
Көп окулду
×