Turmush - Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 12-январда Манас районунун Үч-Коргон айылында жашаган Асел Бопушеванын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, аталган үй-бүлө аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Ал баланы жалгыз тарбиялоодо. Балдарынын баардыгы мектепте окуйт. Өзүнүн билими жоктугуна байланыштуу эч жерде иштебейт. Өздөрүнө тийиштүү үйү жоктугуна байланыштуу батирди ижарага алууга муктаж.
Сапар Исаков аталган үй-бүлөгө материалдык колдоо көрсөтүп, балдарга белектерин тартуулады. Аны менен катар тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк берүүсүн тапшырды.