Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Муздун алдынан улакты алып чыккан көк бөрүчү К.Ташыбеков эч кандай жабыр тарткан жок

Turmush -  Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда өткөн улак тартыш учурунда сууга түшүп кеткен улакты муздун алдынан алып чыккан Куттубек Ташыбеков эч кандай жабыр тарткан жок. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Өзүнүн айтымында, башкалар түшө албай жаткан сууга түшүп улакты кантип алып чыккан.

«Биз көк бөрү оюнун көлдө тоңуп калган муздун үстүндө ойноп жатканбыз. Кийин улак тартышып чекеге чыгып кеттик. Бир учурда муз сынып кетип 5 ат улагы менен кошо сууга түшүп кетти. Муздак сууга эч кимдин түшкүсү келген жок. Мен үстүңкү кийимдеримди чечип сууга түшүп кеттим. Эл «алып чык» деп кыйкырып жатышты. Элдин кыйкырганы дагы мага күч кубат берди окшойт. Акыры таап чыктым, - деди ал.

Каарманыбыз көк бөрүнүн шаңы менен сууда үшүбөй жүргөнүн белгиледи.

«Үшүп, тоңуп калам деген ой болгон жок. Жай мезгилинде сууга түшкөндөй эле сууда жүрдүм. 10 мүнөттөй улакты издеп араң таптым. Улакты тай казанга өзүм алып барып таштайын деген болчум. Бирок мен суудан чыкканга чейин башкалар алып кетип калышты. Бирок беребиз деп айтылган койду беришти. Мен сууда жүргөн учурумдун акыр жагы видеого тартылып калыптыр. Эл «сууда үшүп, оорубадыңбы? деп сурап жатышат, ооруганым жок. Суудан чыккандан кийин башка кийимдерди кийип, кайра улакка бир аз аралашып оюн бүткөндөн кийин кеттим. Жигит болгондон кийин анча-мынчага үшүй берген болбосо керек», - деди Ташыбеков.

Интернетте коомчулуктун кызыгуусун жараткан Куттукбек мырза Аксы районунун кулуну экендигин кошумчалады.

«Өзүм Аксы районунун Калпак деген айылынан болом. Борбордо жашаганыма 6 жылдан ашты. Жаш кезимде көк бөрүнү анча-мынча ойноп турчумун. Бирок акыркы 2 жылдан бери катуу кызыгып калдым. Ар 2 күн сайын Бишкектин четинде мелдеш өтүп турат. Ошондон улам кызыгып көк бөрү чаба баштадым. Бул жакта мал алып сатып тиричилик кылабыз», - деди ал.

Куттубек Ташыбеков учурда 28 жашта. 3 уулдун атасы.

32Окуя тууралуу:

Кечээ, 12-январда Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда өткөн улак тартыш учурунда сууга түшүп кеткен улакты муздун алдынан алып чыккан Куттубек Ташыбековго сыйлык тапшырылганы маалымдалган.

Окуяга күбө болгон Мирбек Үмөталиевдин айтымында, улакты муздун алдынан алып чыккан улакчыга 1 кой берилген.

«Окуя 11-январда Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда болгон. Улак тартышкан улакчылар көлмөнүн үстүнө чейин барып, муз жарылганда сууга түшүп кетишкен. Аттар суудан чыгып, бирок улак суунун алдында калып калган. Ошол учурда улакты алып чыккан адамга 1 кой берилмей болду. Аксылык жигит Куттубек суунун муздагына карабай муздун алдындагы улакты алып чыкты. Айткандай эле ага 1 кой сыйлык берилди», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 775
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×