Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Ош

Ошто сабалган өспүрүмдүн апасы: Уулумду урган жактоочу укугунан ажыратылышы керек (видео)

Turmush -  Ош шаарындагы мектептин аймагында жайгашкан спорттук залда сабалган өспүрүмдүн апасы Зухра Гулярова бүгүн, 12-январда АКИпресс-Ошто маалымат жыйын өткөрдү. Ал баласын жактоочу Валишер Аалиев сабаганын билдирип, аны жактоочулук укугунан ажыратуу керектигин айтып чыкты. Ал эми, Валишер Аалиев анын айткандарын четке какты.

З.Гулярованын айтымында, уулу И.Г. ошол күнү машыктыруучунун ордуна балдарды машыктырган. Чыр машыгуу учурунда чыккан.

«Окуя 2017-жылдын 6-ноябрында болгон. Балам таэквондо менен машыгат. Аталган күнү машыктыруучусу И.Н. Бишкек шаарына мелдешке кеткен. Ал уулума балдарды 1,5 саат машыктырып турууну дайындаган. Ислам машыктырууну баштап, балдар чуркап жаткан учурда "тезирээк чуркагыла" деп кездемеден жасалган кур менен буттарына чаап койгон. Ошол учурда Валишер Аалиевдин 11 жаштагы баласы залдан чуркап чыгып кеткен. 15 мүнөт өткөндөн кийин ал атасын чакырып келген. Анын баласы атасына менин уулум урганын айткан. В.Аалиев уулумду сабап, залдагы кичинекей балдардын көзүнчө аны тизелетип, баласынан кечирим сураткан. Андан кийин ал бул боюнча милицияга арыз жазган. Учурда иш Сулайман-Тоо аймактык милиция бөлүмүндө каралып жатат. Биз уулумду сабаганы боюнча Ош шаардык сотуна анын үстүнөн арыз жазып, утуп чыктык. Сот тарабынан ага 1500 сом айып салынды. Эми ал Ош облустук сотуна арыз жазыптыр. Ушул жылдын 9-январында облустук сотко барсак өзү келген жок. Арызын да алып коюптур. Биз андан уулумду кайра-кайра сотко бербөөсүн жана аны жактоочулук укугунан ажыратууну талап кылабыз», - деди З.Гулярова.

Ал эми, окуяга күбө болгон баланын чоң атасы Абдурахман Абдугапуров кичинекей балдар спорттук залга барбайбыз деп жатышканын билдирди.

«Менин неберем 8 жашта. Ал залдан чыккандан кийин өзүм үйгө алып кетчүмүн. Ошол күнү өзүм бара албай уулумду жөнөткөм. Уулум барса жактоочу баланы сабап жаткан экен. Жактоочу элди кордобой коргошу керек. Неберем учурда залга барбайм деп коркуп калды», - деди ал.

Жактоочу Валишер Аалиев булардын бардыгы куру доомат экенин жана 16 жаштагы баланы ур-токмокко албаганын белгиледи.

«Булар өздөрү кылгылыкты кылып, жалган жалаа менен мага айып пул салдырышты. Бул жерде мыйзам бузуулар өтө көп. Аталган спорттук зал өкмөткө айына 1 миң сом гана төлөп, жашыруун иштеп келет. Мыйзам боюнча муниципалдык жердин чарчы метрине каражат төлөнүшү керек. Булар мындай каражат төлөшпөйт. Мектептин директору менен сүйлөшүп алып, ар бир баладан 500 сомдон алышат. Бул боюнча менде далилдер бар. Менин балам аталган мектепте окуйт. Сабактан кийин залга барсын деп ошол жерге машыктырууга бергем. Ошол күнү машыктыруучу жок болгондуктан уулумду 16 жаштагы балап сабап койгон. Ар бир ата баласы эмне окуяга кабылганын билүүгө укугу бар. Алар өздөрүнүн айыбын жабуу үчүн ар кандай окуяларды ойлоп табууда. Мен муну ушул бойдон калтырбайм, аягына чейин барам. Биринчиден алар мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. Бир да жолу салык төлөшкөн эмес. Мен бул ишти козгоп чыккандан кийин гана жасалма документ жасашты. Экинчиден мага карата сотко окуя учурунда жок болгон машыктыруучу Ибрагим Насиров арыз жазган. Менде бардык далилдер бар. "Корккон биринчи муш көтөрөт" болуп жатышат», - деди Валишер Аалиев.

Ал уулун сабаган бала тарап бир да жолу кечирим сурабаганын кошумчалады.

Ал эми, аталган мектептин директору Дано Абдувахабованын айтымында, ал жетекчи болуп келгенге чейин спорттук зал таэквондо боюнча машыгуу залы болгон.

«2014-жылы аталган мектепке директор болуп келдим. Мен келгенге чейин бул спорттук залда балдар таэквондо менен машыкчу экен. "Өкмөткө акча төлөп жатасыңарбы?" десем, машыктыруучу И.Н. "ооба" деп жооп берген. Алар документи жок иштеп жатканын билген эмесмин. Белгилүү болгондон кийин Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте 24 миң сом төлөттүк», - деди ал.

Аталган спорттук залда машыктыруучу болуп иштеген Ибрагим Насыров жалпы 25 бала болсо, алардын 18и гана акы төлөп машыга тургандыгын билдирди.

«Спорттук залдын документтери бар. Мыйзамдуу иштеп жатканбыз. Жалпы 25 бала машыкса, алардын 18и гана акча төлөйт. Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары акысыз машыгат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1484
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×