Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Нарын

Ак-талаалык окуучулар Ак үйдө болушту (фото)

Turmush -  «Ак-талаалыктар Ак үйдө» аталыштагы долбоордун негизинде Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 18 орто мектептин 36 окуучусуна борбор калаада саякат уюштурулгандыгын жаш активист Кубанычбек Баялиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, ак-талаалык окуучулар алгач Чыгыш университетине саякат жасап, 10-январь күнү Жогорку Кеңеште, М.В.Фрунзенин музейинде, жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы кеңселеринде, жогорку окуу жайларда жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болушуп, ата-бабаларга багыштап куран окушту.

Иш-чара райадминистрация, райондук билим берүү бөлүмү жана жергиликтүү коомдук бирикме тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1208
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×