Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Ат-Башыда 18 жаштагы жигит электр мамыга асынып каза болду

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында жаш жигиттин электр мамыга моюн орогуч менен асылып турган денеси табылды. Анын өздүгү такталып, 19 жашка толо элек 1999-жылы туулган жергиликтүү тургун Т.Т. экени маалым болду.

Turmush басылмасынын кабарчысына Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, дене 9-январда түн ичинде табылган. Бул факты боюнча Ат-Башы РИИБдин ыкчам тергөө тобу иштеп, алгачкы териштирүүлөрдө денеге күч колдонулган белгилер табылган эмес. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4517
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×