Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Талас

Видео — Белгисиз жигит кызды көтөрүп чаап, башы менен жерге жыккан тасма Таласта тартылганы такталды

Turmush -  Жакында белгисиз жигит өзү курактуу кызды көтөрүп жерге жыкканы тартылып, интернетке таратылган тасмадагы окуя Таласта болгондугу такталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, бала кыздын каршылыгына карабай, аны көтөрүп жерге жыккан. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары бул тасма боюнча нааразычылыктарын билдирип, бул кадам жигиттик эмес экендигин айтышкан. Көптөр «окуя кайда болгон?, кыз жаракат алган жокпу?, бул ээнбаштыкпы же туура эмес тамашабы?» деген суроолорду беришкен эле.

ИИМдин кызматкерлери аталган тасма Талас шаарындагы Ч.Айтматов атындагы аллеяда тартылгандыгын тактады. Жигит жергиликтүү 17 жаштагы тургун экендиги, кыз 2002-жылы төрөлгөнү белгилүү болду. Алар окуу жайлардын биринде чогуу окушат. Тасманы алар менен бир тайпада окуган бала тарткан.

Маалыматтарга караганда, алар тасмага ойноп жатканда тартылышкан. Кыз жаракат алган эмес жана эч кимге эч кандай доосу жок. Ага карабастан Таластагы милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Тасмадагылардын ата-энелери чакыртылып, аларга карата административдик протоколдор толтурулган. Топтолгон материалдар балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлдү. Тасмадагы жигит жаш балдар менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алынды.

A post shared by OMKS VIDEO (@omks_video) onJan 9, 2018 at 2:47am PST

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×