Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 12.01.2018 13:18

Ысык-Атада мугалимдер арасындагы спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 3 күнгө созулган мугалимдер арасындагы спартакиада жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгында тайпалык эсепте 1-орунду «Сын-Таш» курама тайпасы жеңип алган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Болот Иманалиевдин айтымында, аталган спартакиада жыл сайын өткөрүлүп турат.

«Бүгүн 3 күнгө созулган мугалимдер арасындагы спартакиада жыйынтыкталды. Кышкы эс алуу күндөрү Кеңеш орто мектебинде салтка айланган мугалимдер спартакиадасы старт алган эле. 3 күн мугалимдер арасында футбол, волейбол, теннис, шахмат, тогуз коргоол жана дартс боюнча спорттук таймаш болду. Районубуздагы мугалимдер 4 зонага бөлүнүп, курама тайпалар арасында күчтүүлөрдү аныкташты.

Аягында тайпалык эсепте 1-орунду «Сын-Таш» курама тайпасы, 2-орунду «Ивановка» курама тайпасы, ал эми 3-орунду «Кант» тайпасы ээледи. Жеңүүчүлөр сыйлуу белектер, кубок, дипломдор менен сыйланышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×