Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Чүй

Тагдыр: 22 жаштагы Аргендин өмүрүн сактоо үчүн эжеси бир бөйрөгүн берсе, апасы кайырчылык кылууда (фото)

Turmush -  Оорулуу инисине бир бөйрөгүн берген Сокулук районунун Шопоков шаарчасынын 31 жаштагы тургуну Айсулуу Алыбаева Түркияда дарыланып жаткан инисине жардам сурайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, иниси Москвадан келгенде катуу ооруп, ооруканага түшкөн.

«Иним Жумабаев Арген 1995-жылы Сокулук районунда туулган. Биз үч бир тууганбыз. Атам каза болгондон кийин апам кайра турмушка чыгып, Алтынай жана Арген инимди төрөгөн. Аргендин атасы апамдарды таштап кеткен. Арген 10 жашында васкулит оорусу менен оруп, анын кесепетинен 10 жылдан кийин эки бөйрөгү иштей калды. Арген Москва шаарында иштеп жүрүп, документинин мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу милицияга кармалып, атайын кармалуучу жайда 2 ай сыз жерде жатып калган экен. Биз жоголду деп таппай, издеп жүрсөк ошол жактан чыкты. 2016-жылы катуу оруп, Москвадагы элчиликтин жардамы менен билетин биз алып берип Аргенди Кыргызстанга алдырдык. Келгенде дагы бизди аяп, оорусун айтпай чыдап жүрө бериптир. Бир күнү денесин шишик басып, дем жетпей, баса албай калды. Мен тез жардам кызматын чакырып, дароо жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Апам дагы Россияда иштеп жүргөн, Аргендин абалы оор экенин билгенде келди.

Жарым жылдай катуу кыйналдык, жумасына 3 жолу 4 сааттан аппаратта жатат, ар бир барганына 6 миң сомдон төлөп жаттык. Бизге жеңилдик берилип, кийин 600 сомдон төлөдүк. Арген кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканда атасы бир келип, 10 миң сом берип кеткен, ошол бойдон келген жок, анын башка үй-бүлөсү бар. Быйыл квотага илинип, чет жерлердеги мигранттар чогулткан 11 миң доллар менен Түркияга операция жасатуу үчүн бардык. Апам донорлукка жарабай калгандыктан мен донор болдум. Арген жана жолдошум мени аяп, донор болуума каршы болушту. Дарыгерлер бир тууганы гана донор боло аларын айтышты. Өткөн жылдын июль айында операция ийгиликтүү өттү. Мен август айында, иним болсо сентябрда Кыргызстанга келди. Жумасына 5 миң сомдон анализ тапшырып, айына 30 миң сомго дары-дармек алып жаттык.

Кийин абалы начарлап, 10-ноябрда Аргенди Түркияга жибердик, кайра ооруканага жатып калды. Ошондон бери ооруканада дарыланууда. Жаңы жылдан баштап дарыланууга акы төлөө керек болчу. Ал жактын мыйзамы менен 500 долларга дары-дармек алып, денесине 2 жумада бир куюп жатышат. Жолдошум Кубат Айдаралиев ошол жакта иштеп, иниме каралашып турат, андан сырткары биздин мекендештер барып кабар алып турушат экен. Абдан кыйналып, каражатка муктаж болгондуктан апам «Дордой» базарын кыдырып, баласы үчүн тилемчилик кылып калды. Айла жок тагдырга моюн сунат экенбиз. Апамдын дагы ден соолугу начар», - деди ал.

Аргенге жардам берүүнү каалагандар 0700 072030 (Аргендин апасы Айсада Жумабаева) телефон номуру аркылуу байланышса болот. 0703621635 — ЭЛСОМ (Айсулуу Алыбаева).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4955
Көп окулду
×