Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Бала тили — бал: Чоңойгондо Кайлат Кылгыз болом, - 3 жаштагы Амина (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 3 жаштагы Амина Эрланова.

imgonline-com-ua-2to1-yW4gS92p87U5TnU

- Атың ким?

- Амина.

- Канча жаштасың?

- Үч (колу менен көргөзүп).

- Кимди жакшы көрөсүң?

- Хабини (эжеси). Экөбүс ойнойбуш.

- Сен кимдин кызысың?

- Эландын (Эрлан).

- Эрлан сага ким болот?

- Осону билбейм.

- Үйдө ким баарынан кыйын?

- Адику эжем. Ал үй жыйнайт. Мен да жалдам белем.

- Сен кимге окшошсуң?

- Кайлат Кылгызга (Кайрат Кыргыз).

- Аны сага ким айтты? Кантип окшошсуң?

- Чачым оксошда ага.

- Кайрат Кыргыз деген ким?

- Телезолдо балго осол.

- Сен чоңойгондо ким болосуң?

- Кайлат Кылгыз болом (ырдап), «эсимде эсимде на-на-на».

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2457
Көп окулду
×